Исхак Пирматов депутаттык мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, Исхак Пирматов мандатын өз каалоосу менен тапшырат. Анын арызы БШКнын бүгүнкү жыйынында каралмакчы.

Исхак Пирматов Жогорку Кеңешке 2015-жылы «Бир Бол» партиясы менен келген.