Ош облусунун бардык райондорунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө

Ош облусунун бардык райондорунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилүүдө.

Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн

басма сөз катчысы Алтынбек Теңгизбаев билдирди. Анын айтымында, район, шаар,

облус аралык жана Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга жол кыймылынын

эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Өзгөчө көңүл жайкы

дөңгөлөктөр кышкыга алмаштырылганына жана унаалардын техникалык абалына бурулат.