Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин 1 жылы 2 жыл деп эсептелет

Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсеге жогорулатылды, ал эми аймакта кызмат өтөөнүн 1 жылы 2 жыл катары эсептелинет.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Баткен окуялары ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн өттү.

Президент аймактагы кырдаалга көз салып турду, кийинчирээк БУУ трибунасынан Тажикстан Республикасы тараптан куралдуу агрессия болгондугу тууралуу дүйнөлүк коомчулукка кеңири маалымат берди.

Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Бул комиссиянын биринчи отурумун мен өзүм жеринде өткөрдүм.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана талкаланган обьектилерди калыбына келтирүү иштери уланууда», — деди Акылбек Жапаров.