Таластагы спорт залдарга олимпиадалык стандарттагы күрөш килемдери берилди

Талас облусунун төрт районундагы спорт залдарга олимпиадалык стандарттагы күрөш килемдери берилди. Бул тууралуу кен иштеткен компаниядан билдиришти.

 

Күрөш килемдери Улуттук олимпиада комитети менен биргеликте тапшырылды.

 

Килемдер тапшырылган ар бир залда 100гө жакын жаш спортчу тарбияланат.