Ошто жабык теннис корту курулууда

Ошто жабык теннис корту курулууда.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, курулуш иштерин сентябрдын ортосуна чейин бүтүрүү пландалып жатат.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин балдарды жыл бою тенниске үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, бул жерде спорттун аталган түрү боюнча шаардык жана республикалык чемпионаттардын өтүшү күтүлүүдө.