Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кооптуу көлөмдөн жогорулады.
Эске салсак, буга чейин Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард чегинен төмөндөгөн.
Ал эми эң минималдуу көлөм деп 5 миллиард кубометр эсептелет. Бүгүнкү күндө
өлкөнүн башкы резервуарында нымдуулук 9 миллиард 895 миллион кубомерди түзөт.
Суунун агып кириши чыгымдан эки эсе жогору болууда. Суунун көбөйүшү жаан-чачынга жана
муздардын активдүү эриген мезгилине байланыштуу. Белгилеп кетсек, былтыр ушул эле
күнү суу сактагычтагы көлөм 2 миллиард 400 миллион кубометрге көп болчу.