Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы Кыргызстанга 17 миллион доллар берет

Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы Кыргызстанга 17 миллион доллар берет.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, профилдик

комитет каржылоо келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Сумманын жарымы грант катары келсе, калганы 0,75 үстөк пайыз менен насыя катары берилет.

Бересенин мөөнөтү 38 жыл, анын 6 жылы жеңилдетилген түрдө болот.