Бюджеттик кызматкерлердин айлыктары, пенсиялар жана пособиялар өз убагында берилет. Буга Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева ишендирди. Анын айтымында, коронавирустун экономикага тийгизген залакасын эске алып, өкмөт имараттарды оңдоо иштерин жана массалык иш-чаралардын бардыгын токтотту.
Үнөмдөө режиминде Бажы жана Салык кызматтары тиешелүү өлчөмдө төлөмдөрдү чогултпаса, мамлекеттик бюджетте дефицит катталат. Андыктан, учурда эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.