Кара-Балта шаарында кичи автобустун айдоочулары иш таштады

Кара-Балта шаарында 50гө жакын кичи автобустун айдоочулары

муниципалитеттин имаратында иш таштады. Бул тууралуу Чүй облустук

милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын

басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, шаардык транспорттун

айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылууда. “Азыр жол кире

акысы 7 сом, ал эми иш таштагандар 13 сомго жогорулатууну

талап кылууда”, — деп айтылат маалыматта.