Кыргызстандагы 1 миң 200 мектепке компьютердик жабдуулар жеткирилет

Кыргызстандагы 1 миң 200 мектепке компьютердик жабдуулар жеткирилет.

Билим берүү министрлиги “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникаларды жеткирип бүттү.

Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда.

Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт.