Кыргызстан менен Өзбекстан тез бузула турган азык-түлүккө «жашыл коридор» ачууну сүйлөштү

Кыргызстан менен Өзбекстан тез бузула турган азык-түлүккө «жашыл коридор» ачууну сүйлөштү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча Ташкенттеги элчи Муса Жаманбаев коңшу мамлекеттин Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушууда сөз болду.

 

Мындан тышкары, эки өлкөнүн айыл чарба товарын сыртка чыгарууну биргелешип өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз компанияларын импортёрлор реестрине киргизүү тууралуу да талкуу болду.