Кыргызстанда мыйзам чегинде ички суу транспортун жөнгө салуу пландалууда

Кыргызстанда мыйзам чегинде ички суу транспортун жөнгө салуу пландалууда. Мындай демилгени Унаа жана жолдор министрлиги көтөрдү. Ведомстводон белгилешкендей, акыркы жылдарда кайыктар менен экскурсиялык-сейилдөө боюнча туристтик кызматтарды көрсөтүү популярдуу болуп жатат.

 

Документтин башкы максаты ошол сейилдөөлөрдөгү коопсуздукту камсыздоо.

 

Авторлордун пикиринде, мыйзмды кабыл алуу менен суу транспорту тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.