Кыргызстанда 12 өткөрмө пунктмодернизациядан өттү

Россиянын техникалык көмөк көрсөтүүсү менен 14 өткөрмө

пункттун ичинен 12си модернизациядан өттү.

Ага 142 жарым миллион доллар сарпталды. Бул тууралуу жыл

жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, «Торугарт», «Эркештам», «Карамык», «Кызыл-Бел»,

«Кайрагач» жана «Кызыл-Кыя» өткөрмө пункттарын техникалык жабдуу аяктады.

Ошондой эл 2020-жылдын аягына чейин «Достук», “Бор-Дөбө” өткөрмө пункттарын

реконструкциялоо боюнча иштер соңуна чыгат, — деди Жээнбеков.