Лейлек районунда 275 орундуу мектеп курула баштады
Жаңы имараттын капсула салуу аземи Гөлбө айылында өттү.
2 кабаттуу билим берүү мекемесинин сметалык баасы 931 миң долларды түзөт.
Белгилеп кетсек, балдар окуган эски мектеп 1975-жылы салынып эскилиги жеткен.
Ал эми жаңы мектеп кийинки окуу жылында пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.