Кыргызстанда 13-апрелден тартып айрым мекемелер иштеп баштайт, деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда 13-апрелден тартып айрым мекемелер иштеп баштайт,

деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Республикалык

штабтан билдиришти. Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде

карантинден кийинки объектилердин иштөө графиги жарыяланып жатат.

Штабтан белгилешкендей, аталган документтер Кыргызстанга тиешеси жок.

Эске салсак, өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими

15-апрелге чейин күчүндө болот. Аны узартуу чечими азырынча кабыл алына элек.