Алгачкы күнү Кыргызстанда коронавирустан 100 адам эмделди

Алгачкы күнү Кыргызстанда коронавирустан 100 адам эмделди. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, алар медицина кызматкерлери, мугалимдер жана улгайган адамдар.

 

Алардын абалдары канааттандыраарлык. Вакцина алуудан мурда алар макулдугун берген баракчаны толтуруп, дарыгердин кеңешин алышкан. Эске салсак, массалык эмдөөнүн биринчи этабы кечээ башталды.

 

Бул максатта Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунун аймагында эмдөө түйүндөрү ачылды.