Кыргызстанда 5 миллиондон ашык банк картасы бар

Кыргызстанда 5 миллиондон ашык банк картасы бар. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир жыл ичинде алардын саны 39 пайызга көбөйдү. Карталардын басымдуусу, же 57,5 пайызы улуттук төлөм системасына туура келсе, калган бөлүгү эл аралык системаларга туура келет.

 

Накталай эмес төлөм көбүнчө Бишкекте жүргүзүлөт. Эң аз банк карталары менен Талас облусунун тургундары колдонот.