Бишкектин Биринчи май районунда көчөдө соода жүргузүүгө тыюу салынат

Бишкектин Биринчи май районунда көчөдө соода жүргузүүгө тыюу салынат. Акимиаттан билдиришкендей, жаздын келиши менен тиешелүү документи жок соода кылгандардын саны өсүүдө.

 

Район администрациясынын чечими менен 15-марттан тарта аймакта балмуздак, суусуздук сатуучу түйүндөрүнө, күч сыноо аппараттарына, велосипед ижарага берүү түйүндөрүнө тыюу салынат.