Кыргызстанда акыркы суткада 311 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Алсак, Бишкекте – 178,
Ошто – 7, Чүйдө – 89, Таласта – 3, Нарында – 6, Ысык-Көлдө – 19, Жалал-Абадда – 5,
Баткенде – 4. Ушуну менен Кыргызстан боюнча 95 миң 114 адам ковидди жеңип чыкты.