Кыргызстанда “Ата-энелер мектеби” ишке кирди

Кыргызстанда “Ата-энелер мектеби” ишке кирди. Билим берүү министрлиги программаны этап менен киргизип жатат. Ар бир райондо жана шаарда пилоттук бала бакча жана мектептер тандалып алынган.

 

Аларда болжол менен бир айда бир жолу ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Ведомстводон белгилешкендей, жаңычылдык ата-энелердин балдарды тарбиялоо жана окутуу жөндөмдөрүн жакшыртууга багытталат.