Бишкекте өзгөчө абал режими алынды.
Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар өзгөчө абал киргизүү тууралуу токтомду жокко чыгарды.
Эске салсак, 12-октябрда президент Бишкекте өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган,
Жогорку Кеңеш ал жарлыкты бекитип берген. Өзгөчө абал 19-октябрга чейин киргизилген.