Парламенттик шайлоолор өткөн мектептер санитардык тазалоо иштерине бир күнгө жабылат. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Ал белгилегендей, 29-ноябрда добуш берүү процесси өткөн мектептерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөндүктөн, окуучулар онлайн форматта билим алат. Бул бала бакчаларга дагы тиешелүү.
Эртеси алар кайрадан кадимки тартипте иштөөгө өтөт, — деди Жусупбекова. Белгилеп кетсек, ушул жекшембиде өтө турган парламенттик шайлоодо тилкелердин басымдуусу мектептерде жайгашат.