Кыргызстандын «Мунабия» тасмасы эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду.
Тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев билдиргендей, кинокартина Лондондо
өткөн иш-чарада «Эң мыкты көркөм фильм» наамына татыды. «Мунабия» тасмасы
жазуучу Казат Акматовдун чыгармасынын негизинде тартылды. Башкы каармандын
ролдорун Мээрим Атантаева жана Гүлзинат Суранчиева ойноду. Эске салсак,
«Мунабия» тасмасы 2018-жылы Россиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок-2018»
фестивалында баш байгени жана «Эң мыкты сценарий» сыйлыгын жеңип алган