Россия Кыргызстандагы «Кант» аскер базасындагы темир жолду калыбына келтирет

Россия Кыргызстандагы «Кант» аскер базасындагы темир жолду калыбына келтирет. Бул тууралуу россиянын Коргоо министрлигинин борбордук аскер округунун басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалым болгондой, 500 метрдей темир жолду оңдоо, 400дөн ашык темир-бетон шпалдарды алмаштыруу жана 35 тонна рельс төшөө иштери россиянын аскер темир жолчулары тарабынан жүргүзүлөт. Эске салсак, “Кант” аскер базасы 2003-жылы түзүлгөн. Базада жайгашкан күчтөрдүн милдети – Кыргызстандын аба чек араларынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.