Ноокатта кубаттуулугу 1,2 мегаваттык чакан ГЭС курулууда

Ноокатта кубаттуулугу 1 миң 200 киловаттык чакан ГЭС курулууда. Novosti.kgге президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нурильич Токонбаев билдиргендей, учурда курулушка капсула салынды.

 

Гидроэлектрстанция жылына дээрлик 5,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат деп күтүлүүдө. Курулуш иштеринин алкагында 30га чукул киши иш менен камсыз болсо, объект эксплуатацияга берилген соң 10го жакын адам туруктуу жумушка алынат.

 

Жеке ишкер куруп жаткан Чакан ГЭС болжол менен ушул күздө ишке кирет.