Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону аба каттамды ачылды.
«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, түштүк калаанын аба майданы
аталган жаңы каттам боюнча келген 60 жүргүнчүнү тосуп алды. Ал эми Ростов-на-Донуга
кайра 83 киши учуп кетти. Чартердик каттам жумасына бир ирет, бейшемби күнү аткарылат.
«Манас» аэропортунан эскертишкендей, билеттин баасын авиакомпания гана сатууда.