Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча дүйнөлүк рейтингде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык көз карандысыз экономикалык журналдын баалоосуна ылайык чыгарылды.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 млрд сомдон ашат. Жалпысынан 68 долбоор бар.