Авиациялык каттамдарды өнүктүрүү боюнча программа 1-февралга чейин тартууланат

Авиациялык каттамдарды өнүктүрүү боюнча программа 1-февралга чейин тартууланат.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Жарандык авиация департаментинин башчысы Александр Настаев билдирди.

 

Анын айтымында, программа тармактын системалык маселелерин камтып, Евробирикменин кара тизмесинен чыгуу үчүн чараларды сунуштайт. Андан тышкары, өлкөнүн аймактарынын ортосунда аба каттамдарын кое берүү, кичи авиацияны өнүктүрүү жана бирин-бири кайталаган мамлекеттик органдарды кыскартуу пландалууда.