Кыргызстанда быйыл ымыркайларга Салиха, Амина, Мухаммад, Умар ысымдары көп берилген

Кыргызстанда быйыл ымыркайларга Салиха, Амина, Мухаммад, Умар ысымдары көп берилген.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Салиха ысымы 3 миң 904 кызга, Амина 2  миң 969 бөбөккө, Фатима 2 миң 804 кызга коюлду.

 

Андан кийинки популярдуу ысымдар Раяна, Алия, Айлин.  Ал эми уул балдарга Мухаммад, Умар, Али, Билал, Амир, Алихан, Нурислам ысымдарын көп ыйгарышкан. Андан тышкары, Алинур, Усман, Эмир аттары дагы өлкөдө популярдуу.