Кыргызстанда дүйнөдөгү бардык өсүмдүктөрдүн 2%га жакыны жана жаныбарлардын 3%дан ашыгы кездешет

Кыргызстанда дүйнөдөгү бардык өсүмдүктөрдүн 2%га жакыны жана жаныбарлардын 3%дан ашыгы кездешет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

 

Адистер билдиргендей, өлкөдө өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 26 миң 500дөн ашык түрү жашайт, алардын көпчүлүгү уникалдуу жана Кыргызстанда гана кездешет.