Жалал-Абадда “Бахрейн” социалдык кыштагындагы алгачкы үйлөрдүн курулушу аяктады

Жалал-Абадда “Бахрейн” социалдык кыштагындагы алгачкы үйлөрдүн курулушу аяктады. Жаңы турак-жайдын ачкычы 4 үй-бүлөгө тапшырылды. Андан тышкары, бул жерде тигүү цехи ачылды.

 

Учурда калган үйлөрдүн жана 200 орундуу мектептин курулушу уланууда. Жалпысынан бул жерде 24 түтүн жайгаштырылат. Турак-жайларды бөлүштүрүүдө артыкчылык аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жана жетим балдарга берилет. Эске салсак, кыштакты курууга каражатты эл аралык фонд бөлүп берген.