Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан дарыгерлерге берилүүчү кошумча
төлөмдүн өлчөмү кайра каралды. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдиргендей, буга чейин
төлөмдөрдү 3 категорияда берилип келген. Алар стационарларда, оорунун очогунда жана тез жардам
түйүнүндө иштеген медицина кызматкерлери. Эми белгиленген 78 миң сом кошумча акча
патологонатомдорго да берилет. Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов стационарда
29 күн иштеген дарыгерлер 72 миң сомдон алат деп белгилеген.