Кыргызстанда доллар курсу 80 сомдон ылдый түштү

Кыргызстанда доллар курсу 80 сомдон ылдый түштү. Ушуну менен америкалык валюта 4 күндө 5 сомго позициясын жоготту. Бүгүнкү күндө ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары аны 78 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 79 сом 20 тыйынга сатышууда.

 

Эске салсак, өткөн жумада доллар куну кескин көтөрүлүп, 85 сомго жеткен болчу. Улуттук банк валюта рынонуга чыгып, интервенция жасады.