Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина сатып алууга 20 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина сатып алууга 20 миллион доллар

бөлүп берет. Бул тууралуу каржы мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сумманын жарымы грант катары келсе, 10 миллион доллары насыя түрүндө берилет.

Биздин бийлик коронавируска каршы вакцина сатып алып, калктын 45 пайызын акысыз

эмдөө ниетинде. Анын ортосунда республика вакцинага дүйнөлүк жеткиликтүүлүк

боюнча механизм аркылуу  калктын 20 пайызы үчүн ковидге каршы препарат алат.