Кыргызстанда бир айда 7 миңден ашык адам пенсияга чыкты.
Социалдык фонддун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ушул жылдын январында 7 миң 280 жаранга пенсия дайындалды.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 254 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.