Кыргызстанда инвестициялык Кодекс кабыл алынат

Кыргызстанда инвестициялык Кодекс кабыл алынат.

Novosti.kgге инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев билдиргендей, бул саясий туруксуздуктун айынан начарлап кеткен өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

Алсак, документ чет элдик инвестор үчүн зарыл болгон инвестициялык келишим жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминен да жогорку юридикалык күчкө ээ болот.

Башка мыйзамдарга салыштырмалуу Кодексти алмаштыруу же өзгөртүү киргизүү оңойго турбайт деди, — Умбриэль Темиралиев:

Биз Кодексти кабыл алгандан кийин бүтүн келишимдер ошол кодекске таянып кол коюлат дагы бул инвесторго кепилдик берет. Мисалы, 10 жылдын ичинде силерге берилген салыктар боюнча же бажы боюнча жеңилдетүүлөр болот. Башыңарды оорутпай, эч нерседен коркпой иштей берсеңер болот деген кепилдик болот”.