Токиодо салттуу Санта Клаус жарышы өттү.
Ага бардык курактагы 5 миңдей адам катышты.
Марафон эки дистанция боюнча уюштурулду.
Эң узуну дээрлик 4,5 чакырым, эң кыскасы 2 чакырым болду.
Салттуу жарыштын негизги максаты — жеңиш эмес, кайрымдуулук үчүн каражат чогултуу болуп саналат.
Акча майрамды ооруканаларда өткөрө турган балдарга жаңы жылдык белектерди сатып алууга жумшалат.