Кыргызстанда бир сутка ичинде эки кар көчкү түштү

Кыргызстанда бир сутка ичинде эки кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ысык-Кол облусунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар массасы кечээ күндүз түштү.

 

Анын көлөмү 12 миң кубометр. Кырсыктарды алдын алуу максатында, аталган трасса кыймылга убактылуу жабылды. Жеринде атайны техника иштеп жатат.

 

Экинчи кар көчкү Бишкек-Ош унаа жолунда 4 миң кубометр көлөмүндө түштү. Буга байланыштуу, Сосновка жана Арал өткөрүү түйүндөрү аркылуу транспорттун бардык түрү өткөрүлбөйт.