Келерки жылы 20 миңге жакын кыргызстандык жумушка орношо алат

Келерки жылы 20 миңге жакын кыргызстандык жаңы ишканаларга жумушка орношо алат.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы 80 жеке фирма мамлекеттик колдоого ээ болду.

Тактап айтканда, өзгөрүлмө пайыздар менен насыялар берилип, продукцияны экспорттоого, өндүрүштү кеңейтүүгө, долбоорлорду түзүүгө жардамдар көрсөтүлдү.

Мунун баары мүмкүн болушунча жарандарды жумуш менен камсыз кылуу максатында жасалган.

Ведомство бул багыттагы иштер улантыла турганын белгилейт.