Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көп.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, былтыр ар бир 100 аялга
99 эркек туура келчү. Эксперттер муну эркектердин көбүрөөк каза тапканына
байланыштырып келишет. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда аялдардын өмүрүнүн
орточо узактыгы 76 жашты түзөт, эркектердики 68 жашка туура келет. Анын
ортосунда аялдардын 90 пайызы пенсияга чейин жашаса,
эркектердин көрсөткүчү 70 пайызга жетет.