Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын саны көп

Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын саны көп. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы 100 аялга 99 мырза туура келген.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда аялдардын орточо жашоо узактыгы 76 жыл болсо, эркектер орточо эсеп менен 68 жашка чейин жашайт. Анын ортосунда, аялдардын   90 пайызы пенсия курагына чейин жетсе, эркектердики бул көрсөткүч 70 пайызды түзөт.