Бишкектин айрым аймагында 2 күн электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында 2 күн электр энергиясы өчүрүлөт.

«Түндүк электрдин” маалыматына караганда, бүгүн саат 9дан кечки

6га чейин Ак-Өргө конушунун  Ынтымак, Проектируемая, Соң-Көл,

Тимур Фрунзе, Адилет, Мурманская көчөлөрүндө, ал эми эртең

ушул эле убакта Үсөнбаев, Күрөңкеев жана Абдрахманов

көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жарык жок болот.

Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.