Кыргызстанда акыркы суткада дагы 155 адам коронавирусту жеңди

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 155 адам коронавирусту жеңди.

Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке,

Чүй жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча

ковидден айыккандардын жалпы саны 79 миң 664 адамды түздү.