Кыргызстанда калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөргө 160 миңден ашык мөмө-жемиш көчөттөрү акысыз тапшырылды

Кыргызстанда калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөргө 160 миңден ашык мөмө-жемиш көчөттөрү акысыз тапшырылды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындай жардам 61 айылдагы 7 миң 700дөн ашык үй-бүлөгө тиешелүү болду.

 

Алма жана карагаттын көчөттөрүн сатып алууга 9 миллион 600 миң сом бөлүнгөн.