Окумуштуулар көпчүлүк адамдарга кандай жыт жагарын аныкташты. Швед окумуштууларынын изилдөөсүнө ылайык, дээрлик бардык адамдар жытты бирдей кабыл алышат.
Экспериментке ар кайсы өлкөлөрдөн 235 ыктыярчы катышкан. Басымдуусуна мөмө-жемиш жана ваниль жыты жаккан. Ал эми бардык катышуучуларга сырда, соя сүтүндө жана алма ширесиндеги изовалер кислотасынын жыты жаккан эмес.