Бишкектин жаңы конуштарына 4 миңден ашык техпаспорт берилди

Бишкектин жаңы конуштарына 4 миңден ашык техпаспорт берилди. 24 агенттигине “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жалпысынан тургундардан 8 миң 670 арыз келип түштү.

 

Адистер ар бир учурда изилдеп, учурга карата 4 миң 335 документ берилсе, 675 тилкеге ар кандай себептер менен техпаспорт берилген жок.

 

Белгилеп кетсек, бул документ тилкени толук мыйзамдаштырууга укук бербесе дагы, бул маселени чечүүгө биринчи кадам болуп эсептелет.