Жалал-Абадда кичи ГЭС курулат. Объект Ничке-Сай дарыясынын жээгинде жайгашат.
Шаар мэриясынан билдиришкендей, ГЭС жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Курулуш иштери кийинки жылы башталып, 2023-жылы аяктайт.
Долбоор 3,5 миллион долларды түзүп, ага чет элдик инвесторлор демөөрчү болот.