Ош шаарында Нариман мектеп-гимназиясы ачылды.
Бул тууралуу novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы имарат билим берүү мекемесине кошумча корпус
катары курулду. Объекти Манас-Ата кичирайонунда жайгашат. Билим берүү
мекемеси 500 орунга ылайык. Ага каражат коррупциядан түшкөн бирдиктүү
депозиттик эсептен бөлүнүп берилди. Жалпы суммасы 54 миллион сомду түзөт.