Бишкектин мектептерине электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Бүгүн саат 9дан баштап мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды.

Мэриянын басма сөз кызматынан такташкандай, бул убакыттан тарта ата-энелер жашаган жерине карабастан бош орун бар мектептерге балдарын каттай алат.

Андан тышкары, буга чейин электрондук каттоого тургандар экинчи этапта өздөрү каалаган мектептен бош орун табылып калса жеке кабинет аркылуу мектепти өзгөртсө болот. Каттоо mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлүүдө.