Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшкөн каражаттарды онлайн көрүүгө болот

Тоо-кен ишканаларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча маалыматтар «Ачык бюджет» – budget.okmot.kg порталына жайгаштырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтында жарыяланды.

 

Өлкөнүн ар бир жараны тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшүүчү каражаттар кайда, качан жана канча өлчөмдө жумшалып жатканын онлайн режимде көрө алары айтылат.

 

Бул иштер президенттин 2021-жылдын 29-январындагы «кен казуу тармагын реформалоо маселеси жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлгөн.

Эске салсак, аймактарды өнүктүрүү фонддору жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана каржылоо үчүн ачылган.

Кумтөр, Жерүй сыяктуу алтын кендеринен аймакты өнүктүрүү үчүн акча түшүп турат. “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кирешесинин 1 пайызынан түзүлгөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду бар.

 

Президент былтыр Нарын облусуна жасаган сапарында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын эсебинен түзүлө турган Нарын облусун өнүктүрүү фондуна жыл сайын компаниянын дүң пайдасынан 0,6% которулат деп билдирген.